Профсоюздук жыйын
Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде 2023-жылдын 3-февралында өткөн жыйынга Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына жаңыдан дайындалган Турдубаев Курсанали Аззамжанович жана шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Мактым Калыкова катышышты. Мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмунда 136 проф.мүчөсү бар. Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Ы.Сапарбаева башка мектепке которулганына байланыштуу иштеген мезгилине жалпы чогулушта отчет берип, эмгек жамааты тарабынан жакшы иштегени белгиленип, анын дарегине жылуу сөздөр айтылды.
Жыйында 5 маселе каралды. Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун комитети, текшерүү комиссиялары жана кесиптик бирлик уюмунун төрайымы шайланды. Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалыгына 3 киши сунушталып, жыйынтыгында В.И.Ленин мектебинин профкому болуп Эргешова Гулбара шайланды. М.Калыкова жыйында шаардык профсоюз уюмунда болуп жаткан иштер боюнча кеңири айтып берди. Мектепке жаңыдан дайындалган директор Султан Момунов жана профсоюз уюмунун төрайымы Г.Эргешовалардын ишине ийгиликтерди каалап, областтык профсоюз комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков тарабынан берилген Эмгек кодекси тапшырылды.
Материалды даярдаган: Баткен шаардык КБКнын төрайымы М.Калыкова