Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук жардам берилди

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов жана райондук комитеттин адиси А.Масалиев түзүлгөн иш планга ылайык, 2024-жылдын 22-октябрында райондогу  Ш.Ганы, Т.Садыков атындагы, Көк-Таш башталгыч, Рават орто мектептеринде, “Учкун”, “Байчечекей”, “Ак-Шоола” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде болушуп, кесиптик бирликтин  баштапкы уюмдарына уюштуруу иштери, эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелерин камсыз кылуу боюнча усулдук жардамдарды беришти.

Усулдук жардамдын алкагында, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалары жана эмгек жамааттары менен жолугушуп, аларды кызыктырган суроолоруна жооп  берилди.

 

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирликтин Баткен райондук комитети