Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук күн өткөрүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитети иш планына ылайык 2021-жылдын 1-ноябрында Майлуу-Суу шаарындагы №8 орто мектебинин базасында усулдук күн өткөрдү, анда обкомдун төрагасы, жооптуу кызматкерлери, шаардык комитеттин төрайымы, кесиптик бирликтин активисттери катышышты.

Иш-чарада кесиптик бирликтин обкомунун төрагасы А.Исмаилов  билим  берүү кызматкерелеринин көйгөйлүү маселелерин угуп, Борбордук  жана  областтык комитетттер тарабынан социалдык-экономикалык багыттагы меселелерди чечилиши тууралуу кыскача маалыматтарды берди. Мектепте   эмгектенүү шарттарын  жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышып, макулдашуулардын аткарылышы жакшы жолго коюлгандыгына  күбө  болуп, жакшы сунуштарды айтты.

Обкомдун инспектору А.Айдаров мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюму тарабынан эмкгети коргоо жана коопсуздук талаптарын аткарылышы  тууралу айтып, баалуу сунуштарын берди.

Шаардык комитет кесиптик бирлик мүчөлөрүнө иш берүүчүлөр  тарабынан окуу-материалдык базаны жакшыртуу боюнча аткарылган иштер тууралуу Б.П.Джураева маалымат берип, мэрия менен түзүлгөн макулдашуу менен көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жетишип жаткандыгын белгиледи. Айрыкча балдардын тамактануусун уюштурууда жана ашканалардын шарттарын жакшыртууда көп ийгиликтерди камсыздоого жетишишкен.

Иш-чарага катышкандар билим берүү кызматкерлери үчүн көрүлүп жаткан камкордуктар жана колдоолор үчүн кесиптик бирликтин жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Областтык КБКнын инспектору А.Айдаров