Университеттеги кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү
К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери үчүн Кашка-Суу эс алуу жайында бир күндүк кышкы эс алуу уюштурулду. Бул иш-чара университеттин кесиптик бирлик комитети жана жаштар менен иштөө боюнча профорг төрага жетекчилиги менен өтүп, студенттерге активдүү эс алуу жана социалдык байланыштарды бекемдөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Студенттер табигый шартта эс алып, жаңы идеяларды талкуулоо үчүн жакшы шарттарга ээ болушту. Бул иш-чара университеттин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн жогорулатууга, студенттердин активдүүлүгүн арттырууга жана алардын мотивациясын күчөтүүгө багытталды.
К.Карасаев атындагы БМУнун кесиптик бирлик комитети мындай иш-чараларды дагы улантууну жана студенттердин кесиптик бирликке болгон кызыгууларын жогорулатуу үчүн алгылыктуу кадамдарды мындан ары да улантат.
К.Карасаев атындагы БМУнун кесиптик бирлик комитети