Улуттук университетте Аялдардын эл аралык күнү белгиленди
2022-жылдын 7-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Аялдардын эл аралык күнүнүн урматына КУУнун ректораты жана кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган салтанаттуу жыйын болду. Улуттук университеттин эң сулуу, эң мыкты, иштерман жана иш билги айымдарын ректор Канат Садыков жаздын ажайып майрамы - 8-март - Аялдардын эл аралык күнү - менен жетекчиликтин жана жалпы мырзалардын атынан кызуу куттуктап, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгилик каалады жана мыкты иш алып барган окутуучу айымдарды окуу жайдын ыраазычылык каттары жана ардак грамоталары менен сыйлады.
Аны менен бирге университеттин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков аталган уюмдун факультеттердеги активисттерине сыйлыктарды тапшырды.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук университеттин талантуу студенттери жана окутуучулары кыргыз акындарынын асылзаадаларга арналган ырларын көркөм окуп, обондуу ырларын аткарып беришти. Майрамдык концерт шатыраган кол чабуулар менен коштолуп турду.
Маалыматты даярдаган: КУУнун басма сөз кызматы