Улуттук адабият күнү Панфилов районунда
Улуттук адабият күнүнө карата 2021-жылдын 10-декабрында Панфилов районунда чоң салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ал 1928-жылдын 12-декабрында туулган адабияттын көрүнүктүү классиги Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине жана эл акыны Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайткан күнүнө арналды, Алыкул Осмоновдун мемориалдык комплексинде - музейинде башталды.
Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким – М.Алияскаров, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери кыргыз элинин улуу акыны Алыкул Осмоновдун эстелигине гүл коюшту. Андан соң келгендердин бардыгы музейди көрүп чыгышты.
Андан соң иш-чара Кайыңды шаарынын В.В.Казаченко атындагы №1 мектеп-лицейинде салтанаттуу түрдө уланды, майрамдык концерт тартууланды. Катышуучулардын аткаруусунун жыйынтыгы менен 7 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, эң активдүүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылды. Райондук билим берүү бөлүмү бардык номинациялардын жыйынтыгы менен биринчи орунду ээлешти жана акчалай сыйлык менен жана Ардак грамота сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Панфилов райондук КБКнын төрайымы А.Абдраимова