Төрага, төрайымдар арасында тегерек стол өттү
2023-жылдын 21-февралында Ош ОПКнын иш-планына ылайык РПК, ШПК жана жогорку окуу жайлардын төрага, төрайымдарынын катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чараны ОПКнын төрагасы С.Тойгонбаев ачып, тегерек столдун максаты менен тааныштырды.
Максаты:
-Кызматкерлердин укуктарын, кызыкчылыктарын, укуктук-ченемдик актыларга ылайык коргоо.
-Социалдык өнөктөштөр менен байланышты чыңдоо, алар менен такай жана тыгыз иш алып баруу.
-Кесиптик бирлик уюмдарынын тармактык Уставка ылайык иш жүргүзүүгө жетишүү.
-Тажырыйба алмашуу жана алгылыктуу иш-чараларды жайылтуу, өз уюмдарында колдонуу.
Иш-чааранын максатына жетүү үчүн эмгек келишими, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо, эмгек акы, эмгек өргүү, эмгек акысы сакталбаган өргүү, убактылуу ишке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана расымдык сөөк коюу боюнча жөлөк пулдардын төлөнүшү, эки жана үч тараптуу жамааттык келишимдер жана макулдашуулар, кесиптик бирлик уюмдарынын иш кагаздарынын тизмеги, профбюджеттин сметасын түзүү жана натыйжалуу сарптоо, текшерүү комиссияларынын иштерин активдештирүү жана жоопкерчиликтерин күчөтүү жөнүндө баарлашуу ирээтинде өткөрүп, суроо-жооптор менен бышыкталып, иштин сапатын жогорулатууга өз ойлорун жана сунуштарын айтышты.
Тегерек стол натыйжалуу өтүп, «максатына жетти» деп баланды.
Маалыматты даярдаган: Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптип бирлик комитети