Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ТӨРАГА МАКСАТ МАМАСЫДЫКОВ АФГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИН КАБЫЛ АЛДЫ

Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы М. Мамасыдыков Афган согушунун ардагерлерин кабыл алып, алардын эмгегин жана жетишкендиктерин урматтап, ага карата терең ыраазычылыгын билдирди.

Төрага өз сөзүндө афган согушунун ардагерлеринин жаш муундарга патриоттуулукту, өлкө үчүн туруктуулукту үйрөткөнү тууралуу айтып, алардын ролүн жогору экендигин баса белгиледи.

«Афган согушунун ардагерлери – тынчтыкты сактоо жана өлкөбүздүн келечеги үчүн чоң эмгек кылган адамдар. Алардын көрсөткөн эрдиктери жана чыдамкайлыгы бизге үлгү болуп, келечек муундар үчүн терең сабак болот. Билим берүү мекемелеринде алардын жаш муунга тынчтыкты, патриоттуулукту жана мамлекетке болгон сүйүүнү өркүндөтүүгө кошкон салымдары өтө маанилүү», – деп билдирди Максат Мамасыдыков.