Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Төрага М.Примкулов алдыңкы билим берүү кызматкерлерине Борбордук комитеттин сыйлыктарын тапшырды

2024-жылдын 10-октябрында Ош областында Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы М.Примкуловдун  катышуусунда билим берүү кызматкерлеринин «Билим шамы – мугалим» аттуу кесиптик майрамы белгиленди.

Иш-чарага КР Билим берүүсүнө Эмгек сиңирген кызматкерлер, мугалимдер, ардактуу эс алуудагы ардагерлер, мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери, алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдер жана тарбиячылар катышышып, «Жылдын мыкты мугалими – 2024», «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2024», «Жылдын мыкты мектеби – 2024» сынактарындагы байгелүү орундардын ээлерине Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар берилди.

Аталган иш-чара Ош билим берүү институтунун демилгеси, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Билим берүү кызматкерлеринин Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чаранын алкагында алдыңкы билим берүү кызматкерлерине КР Билим жана илим кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин  Борбордук комитетинин төрагасы М.Примкулов кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгилерин жана  Ардак  Грамоталарын,  ал эми Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев   Ош областык кесиптик бирлик комитетинин Ардак Грамоталарын тапшырды.

Майрамдык иш-чара сый тамак жана концерттик программа менен коштолуп, мугалимдер жана жалпы эмгек жамааттары иш-чара  жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети