Токтомдун аткарылышы талкууланды
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин «Коронавирус менен күрөшүү шарттарында аткарып жаткан иш-чаралары жөнүндөгү» пленумунун токтомун (2021-жылдын 25-августу, Ысык-Көл областы Тоң району) аткаруу боюнча Жалал-Абад областтык комитетинин иш-чаралары талкууланды. Ага Ноокен, Базар-Коргон, Жалал-Абад, Сузак райондук, шаардык комитеттеринин өкүлдөрү катышты.
Кесиптик бирликтин областтык, райондук, шаардык комитеттери жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо максатында социалдык өнөктөштүк боюнча макулдашууларды түзүү, байланышты чыңдоо, кызматташуунун жолдорун жана формаларын жакшыртуу, мазмунун өркүндөтүү көйгөйлөрү талкууланды.
Борбордук Комитет тарабынан уюштурулган «Мыкты жамааттык келишим. Үч тараптуу макулдашуу» аталышындагы кароо-сынактын жүрүшү, аткарылып жаткан иштер жөнүндө кесиптик бирликтин областык комитетинин уюштуруу иштер бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов билдирүү жасады.
Борбордук комитеттин токтомунун аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кесиптик бирликтин Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев, Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков, Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаевдер маалымат беришти.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылы кесиптик бирлик уюмдарынын арасындагы кароо-сынакты уюшкандыкта өткөрүү боюнча маселелер да ортого салынды.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча обкомдун төрагасы А.Исмаилов аткарылуучу иштерди белгилеп, бардык деңгээлдеги кесиптик бирлик уюмунунун алдында турган милдеттери жөнүндө кеңири сөз козгоду.
Маалыматты даярдаган: Областтык комитеттин басма сөз катчысы М.Абдыкадырова