Токмок шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин IV конференциясы
2025-жылдын 14-февралында Токмок шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин IV конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы М.Примкулов, Борбордук комитеттин каржы бөлүмүнүн адиси Н.Абикова жана 26 делегат катышып, иш-чарада билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин өткөн аралыктагы ишмердүүлүгү талкууланды.
Конференциянын алгачкы бөлүгүндө Токмок шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы Жумалиева Дамира Рысбековна кесиптик бирлик комитетинин ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча маалымат берип, 2020-2024-жылдар аралыгында жүргүзгөн ишмердүүлүгү боюнча отчётун берди.
Конференцияда текшерүү жана мандаттык комиссиялардын отчёттору угулду, анда өткөн мезгил аралыгындагы иш-чаралардын аткарылышы, бюджеттин пайдаланылышы, жана кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн кызматтар боюнча баяндама жасалды.Жарыш сөзгө кесиптик бирликтин мүчөлөрү чыгып, өздөрүнүн докладдары менен сөз сүйлөшүп, кесиптик бирликтин иши жакшы деген баага татыктуу экендигин айтышты.
Конференциянын соңунда токтом кабыл алынып, Токмок шаардык кесиптик бирлигинин 2020-2024-жылдар аралыгында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылып, жыйынтыгында Токмок шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы болуп бир добуштан Жумалиева Дамира Рысбековна шайланды.
Конференциянын катышуучуларынын атынан Жумалиева Дамира Рысбековна КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Съездине делегат катары көрсөтүлдү.
Иш-чаранын алкагында Жумалиева Дамира Рысбековна ага ишеним көрсөткөндөрү үчун ыраазычылыгын билдирип, кесиптик бирликтин ишин мындан ары да жакшыртууга болгон күч аракетин жумшаарын билдирди.
Соңунда конференцияда кабыл алынган чечимдер жана көрсөтүлгөн сунуштар абыл алынып, конференциянын иши ийгиликтүү жыйынтыкталды.