Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

Тогуз коргоол - улуттук оюн

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин колдоосу менен Кербен шаарында мугалимдер арасында райондук спорттук мелдеш болуп өттү. Бул спартакиаданын ачылыш аземинде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эмилбек уулу Талантбек мугалимдерге жылуу каалоо тилектерин айтуу менен аларга ийгилик каалап өттү. Андан кийин Аксы районунун профсоюз комитетинин төрагасы С.Камчыбеков бул өткөрүлгөн иш-чара бир гана таймаштар менен эмес, достук, биримдик, ынтымак менен бекемделерин белгиледи.Бул спартакиадага Т.Уметалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби да активдүү катышып, эркектер арасында волейбол, аялдар жана эркектер арасында теннис жана тогуз коргоол оюндарынан мелдешти. Жыйынтыгында тогуз коргоол оюну боюнча 1-орунду ээлешип, областтык турга жолдомо алышты.

 

Маалыматты даярдаган: баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Н.Сейдилова