Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Түмөн түйшүктүү, мээнети күчтүү мугалимдик кесип...

2017-2018-окуу жылы аяктап, мугалимдер эс алуусунан кайтып жаңы 2018-2019-окуу жылынын башталышы кош-кош майрамдар менен коштолуп, жетекчиликтер тарабынан куттуктоолорду угушту.Сөз башынан болсун.

Билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмелери өткөрүлуп жаңы окуу жылына карата милдеттер кабыл алынды. Мугалимдердин август кеңешмесинде билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы, мектептердин аккредитациясы, көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү, мектептерди жаңы муундагы китептер менен камсыздоо, мугалимдерди даярдоонун заманбап системасын тузүү, санариптик жана ачык билим берүү ресурстары, мугалимдерди усулдук жактан камсыз кылуу, окуучуларга татыктуу билим берүү, олимпиадаларга сапаттуу даярдоо, ЖРТ көрсөткүчтөрун жогорулатуу сыяктуу бир катар маселелер билим берүү системасын өнүктүрүнүн негизги милдети катары каралды.

Алгач эле 31-август эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы белгиленип таш-Көмур шаарында чоң салтанат болду. Бул салтанатта шаардын мэри Р.А.Асаналиев, президентти Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү У.Сатыбалдиев, жергиликтүү кеңештин төрагасы С.Сансызбаевдер жалпы жергиликтүү элди, мугалимдерди куттукташып, маданият үйүнүн кызматкерлери жана окуучулардын күчү менен даярдалган сахналаштырылган  концерттик программаларын тартуулашты.

Билим ачкычы болгон мектеп эшиктери ачылып, "1-сентябрь-Билим күнү белгиленди ". Бардык мектептерде салтанаттуу линейкалар өткөрүлүп, "Менин кичи  Мекеним" (Ч.Айтматовдун Шекер айылындагы жашоосун эскерүүлөрдүн негизинде)  1-4-класстары, "Биз тоо арасында жана өрөөндүү тоолордо жашайбыз. Биздин Ата-Журтубуз-Ала-Тоо..." 5-8-класстары "Мекенимдин тагдыры" 9-11-класстарынын окуучулары 1-сентябрдагы биринчи сабактарын өтүштү.

Профсоюздун баштапкы уюмдарынын башчылары алгачкы эмгек жолун баштаган жаш мугалимдер менен кеңешмелерди өткөрүп, үч тараптуу келишимдердин үстүндө иштешип, мугалимдердин эмгек акыларын туура эсептөөгө атайын комиссияларды түзүштү. Эмгек келишимдер менен мугалимдер тааныштырылып, жаш мугалимдер профсоюз уюмуна мүчөлүккө кабыл алынды.

Кыргыз тилим балдай ширин таттуусуң,
Көңүл кушун көкөлөтүп шаттуусуң.
Мезгил басып, кылымдарды карытып.
Дүйнөдөгү чоң тилдердей барктуусуң.
***


Чакан элди улуу элдерге теңелтип,
Көңүл ачып, көл-дайрадан кеңелттиң.
Кат-сабатсыз болсо дагы рухун,
«Манас» сындуу дастан менен ченелттиң.
***


Башта мынча ким билиптир кыргызды,
Сен дүйнөгө бердин Түкө, Чынгызды.
Алар кайра атагынды көтөрүп,
Алкагыңды айга чейин жылгызды

Эне тилибиз эне сүтүбүздөй таза, ширин болуп, чечендин таңдайын сайратып, баатырдын маңдайын жаркытсын, өсүп-өнүгүп, өмүрү узун, өрүшү жайык болсун, биздин ар бирибиздин биринчи улуттук белгибиз катары көөнөрбөй көкөлөп, кылымдарды бойлой берсин деген тилектер менен тилибиздин 29 жылдыгы дагы кирип келди. Бул маарекеге мектептерде мамлекеттик тилдин эки айлыгы жарыяланып, бардык мектептерде иш чаралар кызуу жүрүп  жүрүп жатат.

 

 

Даярдаган: Эгизалиева Элмира Жаркынбековна.