ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ӨНҮГҮҮНҮН БИР БАГЫТЫ
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2017-жылдагы иш планына ылайык 2017-жылдын 24-февралында Кадамжай районунун Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинде РайБББнын адистери, Райондук, шаардык баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагалары, мектеп директорлору жана баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары үчүн “Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук шарттарынын сакталышын көзөмөлдөөдө жумуш берүүчүнүн жана профсоюздун укуктары, милдеттери” деген темада областтык окутуу семинары өткөрүлдү.
Областтык семинарга Баткен, Лейлек, Кадамжай райондору жана Баткен, Кызыл Кыя, Сүлүктү шаарларынан жалпы 66 адам катышып, Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинин ишмердүүлүгү, күнөскана, класстык кааналардагы техникалык коопсуздук эрежелерин тааныштыруу менен семинар башталды.
Семинардын жүрүшүндө областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков “Жалпы билим берүүчү мектептерде, жатак-мектептерде жана бала бакчаларда эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздуктарды сактоо боюнча жалпы усулдук сунуштама”,
Баткен областтык экологиялык жана техникалык жактан көзөмөлдөө башкармалыгынын адистери М.Атанов жана К.Орозбаев “Эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери жөнүндө”
Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов “Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоодо көзөмөлдүк жүргүзүүдө профсюздун милдеттери жөнүндө”
Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинин директору Т.Айтматова “Мектептин ишмердүүлүгү жөнүндө”,
Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы М.Жаныбаева “Баштапкы профсоюз комитеттеринин иш кагаздарынын номенклатурасы жөнүндө” катышуучуларга маалымат беришти.
Бул семинарда катышуучулар билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук шарттарын көзөмөлдөөдөгү көптөгөн көйгөйлүү суроолоруна областтык комитет менен биргеликте Баткен областтык экологиялык жана техникалык жактан көзөмөлдөө башкармалыгынын адистери жооп беришип талкуу, тажрыйба алмашуу менен семинар жыйынтыкталды. Семинардын катышуучулары уюштуруу тобуна терен ыраазычылыктарын билдирүү менен тажрыйба алмашуу өнүгүүнүн бир багыты экенин белгилеп өтүштү.
Уюштуруу, укук жана эмгекти
коргоо боюнча адис К.Акимов