Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тажрыйба, көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору

          2018-жылдын 31-январь күнү  Ноокен районуна караштуу № 29 Я. Мирзаходжаев атындагы орто мектебинде “Тажрыйба, көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору” темасында баштапкы кесиптик уюмдун жетекчилеринин райондук семинары болуп өттү. Анда Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов, Ноокен райондук комитетинин тескөөчүсү Т. Бакиров, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын  экономисти           Г. Бекбаева жана бухгалтерия кызматкерлери Н. Абдыназаров жана А. Осмоналиева катышышып, темага байланыштуу маселелер боюнча түшүндурүү иштерин жүргүзүштү жана берилген суроолорго жооп беришти.                                 

Семинардын жүрүшүндө КРнын Билим берүү жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук Комитетинин жыйынтык президиуму  жөнүндө, 2017-2018-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында тарификациянын жүргүзүлүшү, Билим берүү мекемелеринде  480 сааттык программанын окутулушу жана төлөнүшү жөнүндө, Билим берүү мекемелеринде дем берүүчү эмгек акынын төлөнүшү жөнүндө, «2018-жылдын мыкты  профсоюздук  уюму  жана  төрагасы» райондук  кароо-сынагын уюштуруу  жөнүндө, эмгек китепчеси , толтурулушу жана ага тийиштүү болгон мыйзамдар жөнүндө маселелер каралып, талкуу жүргүзүлдү.

Семинарга жалпысынан 96 баштапкы кесиптик уюмдарынын жетекчилери катышышты.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров