Татыктуу жаштарга - татыктуу эмгек
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин алдындагы Жаштар Кеңеши 2021-жылдын 19-майында Көк-Жаңгак шаарындагы Макаренко атындагы №2 орто мектебинде семинар өткөрдү. Семинарга кесиптик бирликтин областтык комитетинин жооптуу кызматкерлери: Укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору А.Айдаров, финансалык бөлүмүнүн башчысы-облустук жаштар кеңешинин төрагасы З.Сулайманов, пресс-катчы М.Абдыкадырова, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райкомдорунун, Жалал-Абад шааркомунун, ЖАМУнун жаштар кеңештеринин төрагалары, Көк-Жаңгак шаардык Кеңешинин төрагасы З.Байдавлетов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сейдакматова, кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Ж.Рысмамбетова, шаардык жаштар кеңешинин төрагасы Б.Замирбеков жана мүчөлөр катышышты.
Областтык семнарды кесиптик бирликтин шаардык комитетинин төрайымы Ж.Рысмамбетова ачып, катышуучулар жана меймандар менен тааныштырды. Меймандар катышуучуларга жана семинардын ишине ийгиликтерди каалашты.
Семинарда төмөнкү маселелер талкууланды:
1. "Областтык Жаштар Кеңешинин 2018-2021-жылдардагы аткарган иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндөгү" областтык жаштар кеңешинин төрагасы З.Сулаймановдун билдирүүсү.
2. "Жаш профлидер-2021" кароо-сынагынын Жобосунун долбоору жөнүндө А.Айдаровдун маалыматы.
3. Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Алыбаев атындагы балдар чыгармачылык борборунун директору М.Темирбаевдин жаштар менен жүргүзгөн иштери жана келечек максаттары боюнча билдирүүсү.
4. Көк-Жаңгак шаарындагы Макаренко атындагы №2 иновациялык мектептин администрациясы менен профсоюздук уюмунун эмгектенүү шарттарды жакшыртуу багытындагы иш тажрыйбасы жөнүндөгү мектептин директору А.Жолоевдин билдирүүсү.
Семнардын катышуучулары жаш мугалимдер: Э.Шербаеванын 7-класстагы географиядан ачык сабагына, М.Сартбаеванын 9-класстагы "Эне" темасындагы ачык тарбиялык саатына катышышты. Семинардын жүрүшү боюнча катышуучулар ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты, Көк-Жаңгактык жаштарга жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Алдынкы жаш педагогдор кесиптик бирликтин областтык комитетинин атынан "Ардак Грамота" менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын техникалык инспектору А.Айдаров