Таш-Көмүр шаарында «Жылдын мыкты мугалими-2017» сынагы өткөрүлдү
Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу 14 мектеп,10 мектепке чейинки билим берүү уюму,2 мектептен сырткаркы мекемелер бар. Жалпы 449 мугалим ,мектептен тышкаркы,мектепке чейинки мекемелерде 43 педагогикалык кызматкер эмгектенет. Быйылкы 2016-2017- окуу жылында «Жылдын мыкты мугалими-2017» сынагы жарыяланып,мектептердин мугалимдеринин ичинен 11 мугалим сыноого катышты. Алар Н.Островский атындагы №1 орто мектебинин тарых мугалими Т.Шмакова,К.Осмонкулов атындагы №2 гимназия класстары бар орто мектебинин англис тили мугалими Х.Мырзаева,Тоголок Молдо атындагы №3 орто мектебинин химия мугалими У.Камчыбекова,Токтогул атындагы №4 орто мектебинин математика мугалими Н.Турсинова,В.И.Ленин атындагы №5 орто мектебинин башталгыч класс мугалими М.Кубатбекова,Т.Уметалиев атындагы №6 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими О.Султанкулова, К.Кузембаев атындагы №7 гимназия класстары бар орто мектебинин англис тили мугалими Ж.Бузурманкулова, М.В.Фрунзе атындагы №8 орто мектебинин башталгыч класс мугалими О.Усенбаева,А.Осмонбеков атындагы №9 орто мектебинен математика мугалими Г.Бекбаева,А.Осмонов атындагы №10 орто мектебинин башталгыч класс мугалими М.Бекназарова , А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектебинин биология мугалими Г.Бекботоева. Сынак К.Кузембаев атындагы №7 гимназия класстары бар орто мектебинин базасында уюшулуп,3 этап менен өттү.1-этап предмети боюнча сабак өтүү,2-этап предмети боюнча тест,педагогика-психологиядан тест,3-этап өзүн-өзү тааныштыруу,көргөзмө куралдардын конкурсу болду.
Жыйынтыгында, баш байгени Тоголок Молдо атындагы №3 орто мектебинин химия мугалими У.Камчыбекова женип алды.
1-орунга : Токтогул атындагы №4 орто мектебинин математика мугалими Н.Турсинова,
2-орунга 2 катышуучу чыкты: Н.Островский атындагы №1 орто мектебинин тарых мугалими Т.Шмакова,К.Осмонкулов атындагы №2 гимназия класстары бар орто мектебинин англис тили мугалими Х.Мырзаева
3-орунга 2 катышуучу чыкты:. А.Осмонов атындагы №10 орто мектебинин башталгыч класс мугалими М.Бекназарова, В.И.Ленин атындагы №5 орто мектебинин башталгыч класс мугалими М.Кубатбекова.
Сынактын катышуучулары билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Таш-Көмүр шаардык комитети тарабынан жана шаардык мэрия,шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан акчалай сыйлыктар,Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган Билим берүү,илим кызматкерлеринин профсоюздарынын
Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы Г.Эргешова