Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы семинар

2022-жылдын 3-февралында А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин базасында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Таш-Көмүр шаардык комитетинин президиумнун мүчөлөрүнүн жана баштапкы кесиптик уюмдардын төрагаларынын  катышуусунда окуу семинары болуп өттү.

Семинарда шааркомдун төрайымы М.Т.Утурбаева төмөнкүлөргө токтолду: Ар бир адам кесиптик кошуундарды уюштурууга жана жеке кызыкчылыктарын коргоо үчүн кесиптик кошундарга кирүүгө укуктуу(Адам укуктарынын Бүткүл Дүйнөлүк декларациясы). Профсоюздарды уюштуруу жана ага кирүү эркиндиги адамдын фундаменталдык укуктары катары саналып, алар улуттук  мыйзамдар, көптөгөн өлкөлөрдүн конституциялары, Эл аралык эмгек уюму профсоюздук кыймылдын фундаменталдык жана пермаменттик  миссиясы- бул экономикалык  жана социалдык бакубат экендигин моюндаарын, ал эми БУУнун Эл аралык акты-ар бир адам өзүнүн экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо үчүн кесиптик бирликтерди түзүүгө жана ага өз эрки менен кирүүгө болгон укугун даңазалай тургандыгын;    

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН 4-беренесинин, 2-пунктунда (КРнын мыйзамынын 2016-жылдын 28-декабрындагы №218 редакциясында); “Саясий партиялар, кесиптик бирликтер, дагы башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо,саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канаттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүндүгү” бекемделгендиги боюнча токтолуп кеңири маалымат  берди.

Андан соң шаардык билим берүү тармагы менен биргеликте элдин билим сапатын жогорулатуу боюнча алгылыктуу иш алып баруу менен көптөгөн тренингдерди өткөрүп, элдин алкышына татыган Чынгыз Урматаалиев тренинг өтүп, өтө маанилүү маалыматтарга токтолду. Ошондой эле белек катары ар бир баштапкы уюмдун төрага,төрайымдарына Профсоюздун алиппеси”, “Эмгектеги коллективдүү талаш-тартыштардын тартиби үчүн юридикалык  жардам”, жана “Социалдык өнөктөштүктүн негизги элементи катары жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жардам катары түзүлгөн” китепче, брошюраларды белекке  берди.       

        

Ал үчүн жалпы шаардык профсоюз комитетинин атынан Чынгыз Урматаалиевге терең ыраазычылык айтуу менен өнөктөштүк жаатта иш алып бара берерибизди дагы билдирдик. Ошондой эле жыйынды өткөрүүгө шарт түзүп көмөк көрсөткөн А.С.Пушкин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин, мектеп жетекчилигине жана баштапкы уюмдун төрайымы Зейнегул Бабатаевага ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаардык КБКнын төрайымы М.Үтүрбаева