Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында билим берүү кызматкерлеринин “Санариптик билим берүү өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы” темасындагы кеңешмеси болду.

Таш-Көмүр шаарында билим берүү кызматкерлеринин

“Санариптик билим берүү өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы”

темасындагы кеңешмеси болду.

 

2020-жылдын 25-августунда Таш-Көмүр шаарында

билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.А.Эргешова тарабынан уюштурулган

“Санариптик билим берүү өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы” темасындагы кеңешмеси болду.

 

Бул кеңешме онлайн форматында өткөрүлүп, Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын вице-мэри А.Мойдунова,жергиликтүү кеңештин төрагасы С.Т.Кудайбердиев,билим берүү уюмдарынын жетекчилери,шаардык билим берүү бөлүмүнүн методисти К.Кенжекулова,билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы Э.Ж.Эгизалиева,мектептердин социалдык педагогдору, баштапкы профсоюз уюмунун башчылары,окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышышты.

Алгач кеңешмени билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.А.Эргешова ачып жаңы окуу жылы менен куттуктоо менен баштады.Ошондой эле шаардык мэриядан катышып жаткан өкүлдөр куттукташты.Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы Э.Ж.Эгизалиева катышуучуларды куттуктап,республикабызды каптаган коронавирус илдетинен каза болгон мугалимди эскерип үй-бүлөсүнө,№7 К.Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтты.Карантин учурунда илдетке каршы күрөшүүдө өз салымын кошкон жамааттарга,жекече жардам көрсөткөн мугалимдерге,активдүүлүгүн көрсөткөн баштапкы профсоюз уюмунун башчыларына Борбордук Комитеттин,Облустук Комитеттин жана Шаардык Комитеттин атынан терең ыраазычылык билдирди.

Кеңешмеде өткөн окуу жылындагы ийгиликтер мониторинг менен бааланып,аралыктан окутуудагы жетишкендиктер,олимпиада,ЖРТ, Алтын тамга,ММК менен иштөөдөгү артыкчылык көрсөткөндөр сыйланышты.Мыкты мектеп,бала бакчалардын жетекчилери,окуу жылына мектепти даярдоодо мыкты ремонт иштерин жүргүзгөн жетечилер дагы сыйлыктарга ээ болушту.Мындан сырткары 2019-2020-окуу жылындагы кетирилген кемчиликтерге жол берген уюмдар аталып жоюу маселелери каралды.Жаңы окуу жылына карата резолюция кабыл алынып,кеңешме жемиштүү аяктады.

 

                                          

 

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева