Таш-Көмүр шаарында акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта болду
2021-жылдын 25-майында бүтүрүү аземи онлайн форматта өттү. Бул иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги кырдаалга байланыштуу өлкө аймагында “Акыркы коңгуроо”салтанатын онлайн өткөрүү тууралуу буйругуна ылайык уюштурулду. Быйылкы 2020-2021-окуу жылында Таш-Көмүр шаарында 11-классты 380 окуучу, 9-классты 722 окуучу аякташты. Кырдаалга байланыштуу шаардык кесиптик бирликтин төрайымы, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы бүтүрүүчүлөргө онлайн форматта куттуктоолор айтылып, эмгеги бааланган мугалимдерге жер-жерлерде Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар баштапкы кесиптик бирликтин башчылары тапшырып өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаарКБКнын төрайымы Э.Эгизалиева