Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептери 2020-2021-окуу жылын баштоого мыкты даярдыктарды көрдү.
Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептери
2020-2021-окуу жылын баштоого мыкты даярдыктарды көрдү.
Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.А.Эргешова мектеп жетекчилери менен биргеликте онлайн форматта жаңы окуу жылын баштоого негизги эрежелер,ата-энелердин милдеттери,окуучуларды кабыл алуудагы жүргүлүүчү залалсыздандыруу иштери жөнундө кеңешме өттү.Берилген көрсөтмөгө ылайык бардык мектептерде дезинфекциялоо иштери жүрүп,окуучлардын гигиеналык жана санитардык коопсуздук иш-чаралары толугу менен аяктады.1-класстарды кабыл алуучу окуу кабинеттери эрежелерге ылайык жайгаштырылып,толук кандуу жаш жеткинчектерди тосуп алууга даяр.
Класс жетекчилер тарабынан алгачкы класстык сааттар,куттуктоолор,салтанаттар,ар кандай темадагы үгүт-сабактары видео-форматтарда даярдалды.Жогорку класстардын сабактарынын жадыбалдары окуучуларга убагында кабар берилип,ата-энелер менен онлайн жолугушуулар өткөрүлдү.