Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тартиптүү жашоо шартын түзүүгө жана биримдикти чыңдоого арналган иш-чара

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жатаканасында жаштарды эстетикалык жактан өнүктүрүүгө, тазалыкка жоопкерчиликтүү мамиле жасоого жана ынтымакта жашоого үндөө максатында “Эң мыкты бөлмө” аталышындагы конкурс уюштурулду.

Конкурсту университеттин кесиптик бирлик комитети тарабынан демилгеленип, жогорку уюшкандыкта өткөрүлүлдү.

Иш-чаранын  алкагында жеңүүчүлөр БМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан сыйланып,  кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  Айбек Кудайкулов диплом жана баалуу белектерди тапшырды.

Бул иш-чара студенттер арасында таза жана тартиптүү жашоо шартын түзүүгө жана биримдикти чыңдоого шык бере турчу иш-чаралардын бир болду.