Таланттар сахнада
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Музыкалык-педагогикалык факультетинин ХОР классынын жана музыканттарынын академиялык отчёттук концерти болуп өттү. Салтка айланган бул иш чара “Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, кафедранын жамааты өздөрүнүн бир жылдык иш аракетинин натыйжасын көрсөтүштү.Отчёттук концерт эки күнгө созулуп, алгач чыгармачылык топтун хор ырлар жыйнагы кыргыз, орус, өзбек тилдеринде ар кандай жанрда аткарылды.Андан соң экинчи бөлүгүндө оркестрдик топтор ар кандай аспаптарда кол ойнотуп, устат шакирттери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул менен бирге эстрадалык ырлар, күүлөр, бийлер аткарылып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырышты.
Уюштуруу тобу бул концертке пандемиялык кырдаалга байланыштуу, эки жарым ай гана даярдык көрүп калышканын айтат. Окуу формасы оффлайн форматка өткөндөн тарта отчёттук концертке даярданып, жылдагыдан жаңылануу киргизип, өзгөчө өңүттө чыгармаларды аткарганга аракет кылгандарын билдиришти. Окуу жайдын маданий чөйрөсүн кеңейтип, деңгээлин көтөрүп келе жаткан Музыкалык-педагогикалык факультети эң алгачкы түзүлгөн адистиктердин бөлүгүн түзөт. “Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу” кафедрасында учурда жалпы 300дөн ашуун кыргыз жана чет элдик студенттер билим алат. Ал эми аларга 20га жакын окутуучу сабак берип, талыкпай эмгектенип келе жатышат. Бул адистикте билим алып жаткан студенттер жана бүтүрүүчүлөр өлкөбүздүн маданиятын өнүгүүсүнө өзгөчө салымдарын кошуп келишүүдө.
Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун маалыматтык кызматы