Таазим сага мугалим!
2022-жылдын 5-октябрь күнү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мугалимдердин кесиптик майрамына карата иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Ишенбеков, орун басары З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, мектептердин жана бакчалардын директорлору, ардагер мугалимдер, алдынкы билим берүү кызматкелери жалпысынан 300 адамдын катышуусунда өттү.
Азем №5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин окуучуларынын майрамдык куттуктоолору жана мугалимдерге арналган концерттик программасы менен коштолду. Алдынкы билим берүү кызматкерлери республикалык, облустук, райондук сыйлыктар менен сыйланышты.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамы - 1, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы - 1, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен–3, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы – 10, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен - 30, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси - 27, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин Ардак грамотасы-9, “Профсоюздун мыктысы” төш белгиси - 10, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин Ардак грамотасы - 19, “Билим, илим профсоюздун отличниги” төш белгиси менен - 4, Ноокен райондук “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси менен 9 жана Ноокен райБББнын жана Ноокен райКБнын Ардак грамоталары менен 5 билим берүү кызматкерлери сыйланышты.
Салтанатты өткөрүүдө көмөк көрсөткөн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жана райондук маданият бөлүмүнө ыраазычылык билдиребиз.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров