Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сынак жыйынтыкталды

Баткен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Билим берүү кызматкерлеринин арасында  өткөрүлгөн “2024-жылдын мыкты мугалими  жана тарбиячысы”  кароо-сынагынын  райондук туру жыйынтыкталды. Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо  аземине Баткен  райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким У.Жоробаев, акимдин  орун басары К.Кыдырова, маалымат каражатынын өкүлдөрү жана райондук кесиптик бирликтин адистери катышты.

Сынактын райондук турунда 15 мугалим, 2 тарбиячы жеңүүчү катары аныкталган. Райондун акими сынактын жеңүүчүлөрүн  куттуктап, аларга ден-соолук, иштерине ийгиликтерди  каалады.

Сынактын бардык катышуучуларына баалуу белектер  тапшырылды.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети финансалык колдоо көрсөтүп, белектерди камсыз кылып  берди. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  О.Мажилимов социалдык өнөктөш  катары колдоо көрсөткөнү  үчүн райондук комитетке ыразычылык билдирди.

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирликтин Баткен райондук комитети