Сыйлыктар - мыкты социалдык өнөктөштөргө
Баткен районунда райондук мамлекеттик администрациянын 2015-жылдагы токтому менен жарыяланган мыкты социалдык өнөктөштөрдүн кароо сынакгы жыл сайын өткөрүлүүп келет.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик комитетинин биргелешкен токтому менен жайылтылган «2016-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-мектеп жетекчилиги» жана «2016-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-баштапкы кесиптик бирлик уюму» кароо-сынактарын жыйынтыктаган райондук комиссиянын сунушун карап чыгып жана талкуулап, райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин Президиуму биргелешкен чечим кабыл алды. Раймамадминистрациянын токтому менен «2016-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү – айыл өкмөтү» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү да аныкталды.
Социалдык өнөктөштөрдүн 2015-2017-жылдардагы райондук кароо-сынагынын 2016-жылдагы жыйынтыгына ылайык төмөнкү айыл өкмөттөрү, мектептердин жетекчиликтери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары жеңүүчү деп табылды.
Мыкты социалдык өнөктөштөр үчүн 2017-жылдын жайкы дем алуу мезгилинде Ысык-Көлдүн жээгинде жана республиканын табияты кооз жерлеринде дем алуу экскурсиясы уюштурулмакчы. Бул үчүн кесиптик бирликтин райондук комитеттин бюджетинен атайын каражат бөлүндү.
Мыкты социалдык өнөктөштөрдүн кароо-сынагы 2017-жылы да улантылмакчы. Кароо-сынактын жалпы жыйынтыгы раймамадминистрациянын коллегиясынын жакынкы көүндөрдөгү жыйынында чыгарылмакчы.
Билим берүү кызматкерлеринин
кесиптик бирлигинин Баткен
райондук комитетинин жетектөөчү адиси Б.Абдыразакова