Сыйлык кут болсун!
Ноокен районунун билим берүү тармагында көп жыл үзүрлүү эмгектенип, мамлекетибизге жакшы кадрларды тарбиялап өстүргөн №27 “Бирдик” орто мектебинин мугалими Айтматова Тажыкан эжекебиз “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим” наамын КР Президенти С.Н.Жапаровдун колунан алышы Жалал–Абад элин кубандырды.
Тажыкан эже сыйлык кут болсун, Сизге дем берип дагы мыкты кадрларды даярдап, тарбиялоого куч кубат берсин! Сизге бекем ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо каалайбыз!
Профсоюздун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов