Сыйлыгыңар кут болсун!
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети Ноокенде кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында өткөрүлгөн кароо-сынактардан “Жылдын мыкты уюштуруучусу-2022” жана “Жылдын мыкты окуу бөлүмүнүн башчысы - 2022” кароо-сынактарынын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрүн аныктады.
“Жылдын мыкты уюштуруучусу” кароо-сынагы боюнча алдыңкы орунду ээлешкендер:
1-орун Турдуматова Чыныгүл Сайпидиновна - №14 И.Губкин а.о.м. уюштуруучусу;
2-орун Парпиева Нургүл Кубанычбековна - №4 А.Сатаров а.о.м. уюштуруучусу;
2-орун Орозалиева Гулгүнай Махаматомаровна - №10 К.Абдразаков а.о.м. уюштуруучусу;
3-орун Камбарова Зилолахон Инабидиновна - № 3 Р.Алибаев а.о.м. уюштуруучусу;
“Жылдын мыкты окуу бөлүмүнүн башчысы” кароо-сынагы боюнча:
1-орун Шакирова Дамира Артыгалиевна - №14 И.Губкин а.о.м. окуу бөлүм башчысы;
2-орун Бабашева Замира Тагаевна - №34 Жазгак о.м. окуу бөлүм башчысы;
3-орун Акматова Фатима Бактыбеквна - №18 Молдалиев а.о.м. окуу бөлүм башчысы;
Жеңүүчүлөргө Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин белектери жана дипломдору тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райБББнын усулчусу А.Ташиева