Сузакта кароо сынак жыйынтыкталды
Сузакта “2017-жылдын – тармактагы адептүүлүктү жана укуктук маданияттуулукту жогорулатуу жылында мыкты иштеген баштапкы профсоюздук уюмдар” республикалык кароо-сынагынын райондук турунун жыйынтыгы чыгарылды.
Райондо 1,2,3-орунду ээлеген баштапкы профсоюздук уюмдарга дипломдор, акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
1-орунду №90 Манас атындагы инновациялык жалпы орто мектебинин баштапкы профсоюздук уюму (төрайымы Боркошоева А) ээледи.
2-орунду №31 Ы.Чанаков атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюздук уюму (төрайымы Жээнбекова К) ээледи.
3-орунду №33 Жийде орто мектебинин баштапкы профсоюздук уюму (төрайымы Эликова Р) ээледи.