Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта райондук онлайн-семинар өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитети тарабынан баштапкы кесиптик бирлик уюмдардын төрагалары (төрайымдары) менен райондук деңгээлде онлайн-семинар өткөрүлдү.

Онлайн-семинардын жүрүшүндө Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы Орозалиев Абдимажит Джумабаевич билим берүү кызматкерлеринин жана окуучулардын жайкы эс алууларын уюштуруу жөнүндө кеңири мазмунда маалымат берди, суроо-жооптор айтылды. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жарыяланган «Мыкты жамааттык келишим. Үч тарптуу макулдашуу» республикалык кароо-сынагынын Жобосу менен тааныштырды.

Бул кароо-сынакка кесиптик бирлик уюмдардын активдүү катышуусун сунуштады. Кароо-сынакта төмөнкү маселелер боюнча иш алып баруу зарылдыгы белгиленди:

- Жамааттык келишимдердин, үч тараптуу макулдашуулардын болушу.

- Социалдык өнөктөштөр тарабынан дайыма аракеттенүүчү комиссиялардын болушу.

- Келишим, макулдашуулардын конференцияларда, пленумдарда, президиумдарда талкууланып турушу.

- Жамааттык келишимдерде, үч тараптуу макулдашууларда Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө», «Эмгекти коргоо жөнүндө» жана башка мыйзамдарынын чагылдырылышы;

- Социалдык маселелердин чечилиши;

- Аткарылган иштердин жыйынтыктарын чыгаруу формалары;

- Аткарылган иштер жана жыйынтыктар жөнүндө массалык маалымат каражаттарында чагылдырылышы».

Кароо сынакты уюштурулушу боюнча суроолорго жооптор берилип, усулдук көмөк көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райКБКнын инспектору М.Примкулов