Сузакта Афган ардагери менен жолугушуу болду
Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда 8 Афган согушунун ардагерлери бүгүнкү күндө келечек муундарга таалим-тарбия берип келе жатышат.
Сузак райондук кесиптик бирлигинин иш планына ылайык Афган согушунун ардагери Сооронбаев Абыт менен Чангырташ орто мектебинин мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда ардагер өз башынан өткөн согуш мезгилиндеги окуяларды баяндап берди, окуучулар өздөрү кызыккан суроолорду ардагерге беришип, кызыктуу жоопторду алышты.
Бул иш-чара окуучулардын мекенчилдик сезимин өстүрүүгө чоң түрткү берет.
Маалыматты даярдаган: Сузак райКБКнын маалыматтык иштери боюнча адис А.Авазов