Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунда мугалимдердин райондук спартакиадасы өткөрүлдү

     Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жарыяланган “2017-жыл – тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылынын” алкагында 2017-жылдын 11-мартында спорттун 5 түрү боюнча мугалимдер арасында райондук спартакиада болуп өттү, ага райондун 387 мугалими катышышты.

    Райондук спартакиаданын ачылыш аземине профсоюздун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Токтогулов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев жана башкалар катышышып, бул иш чаранын катышуучуларына карата жылуу сөздөрүн айтышып ийгиликтерди каалашты. Профсоюздун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов спартакиадага акчалай колдоо көрсөттү.

         Спартакиаданын жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлешкен командаларга профсоюздун райкому жана билим берүү бөлүмү тарабынан дипломдор ыйгарылып, акчалай сыйлыктар берилди.

         Райондук спартакиаданын жүрүшү Жалал-Абад мамлекеттик теле-радио компаниясы тарабынан калайык журтка көрсөтүлдү.

 

Сузак РК профсоюздун

басма сөз катчысы:  З.Киргизбаев