Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунда мугалимдердин Август кеңешмеси өткөрүлдү

2017-жылдын 24-августунда Сузак районунда “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү системасындагы ийгиликтүү иш-аракеттер жана жаңы чечимдер” аттуу ураандын астында мугалимдердин Август кеңешмеси өткөрүлдү.

         Август кеңешмесине 310 билим берүү кызматкерлери, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы Омошев Э.А, раймамадминистрация башчысынын орун басары Раманкулова А.Ж, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бечелов А.М, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы Орозалиев А.Д, айыл өкмөт башчылары жана башка мекеме ишкана, уюмдардын жетекчилери катышышты. Август кеңешмесинде райондун билим берүү тармагындагы жетишкендиктер, көйгөйлөр жана кемчилдиктер жөнүндө кеңири талуу жүрүп, тийиштүү резолюция кабыл алынды.

         Август кеңешмесинин жүрүшүндө 30 мугалимге райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары тапшырылды.

         Ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн жана профсоюздун Сузак райкомунун Өтмө кызыл туусу Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебине, “Росинка” мектепке чейинки билим берүү уюмуна, С.Жапарбаев атындагы спорт мектебине тапшырылды жана мелдеште байгелүү орундарды ээлешкен бардык билим берүү уюмдарына профсоюздун райкому тарабынан 50000 сом акчалай сыйлыктар берилди.

         Андан башка өзгөчө жетишкендиктери үчүн Т.Байзаков, Т.Темирбаев жана З.Бакиров атындагы орто мектептерине эс алуу үчүн Ысык-Көл эс алуу үйүнө 34200 сомдук жолдомо да ыйгарылды.

 

 

Профсоюздун Сузак райкомунун

 басма сөз катчысы: З.Киргизбаев