Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак райондук комитетинин кезексиз Пленуму

    2016-жылдын 20-майында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин кезексиз Пленуму болуп өттү.

       Пленумда уюштуруу маселеси каралды.

       Пленум билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагалык кызматына Орозалиев Абдимажит Джумабаевичтин кандидатурасы сунушталып, колдоо тапты. Ал буга чейин инспектор, РайББ башчысы, учурда башчынын орун басарлык кызматын аркалап келген.

       Пленумдун 19 мүчөсү добуш беришип, ал төраганын кызматына шайланды.

       Сузак райондук комитеттин кезексиз пленумунун ишине профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов, профсоюздун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.Исмаиловдор катышышты.

        Токтогулов Асылбек Токтогулович пленумдун катышуучуларына тармактык профсоюздун алдында турган кечиктирилгис милдеттерди белгилеп, кеңири сөз сүйлөдү.

        Мугалимдердин, тарбиячылардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүдөгү профсоюздардын вазипасы, социалдык өнөктөштөр менен иштөөнү жакшыртуу, иштин мазмун жана формаларын улам өркүндөтүү үчүн изденүүчүлүк менен иш жүргүзүү жагына токтолду.

        Профсоюздардын катарын өстүрүү менен, алардын коомдогу ордун учур талабына жараша жогорулатуу керектигин белгиледи.

Төраганын өмүр таржымалы

 

Орозалиев Абдимажит Джумабаевич

 

Туулган жылы:  02.06.1966-жыл

 

Улуту:  Кыргыз

 

Билими:  Ош мамлекеттик педагогикалык институту, биология факультети.

1977-1982-жж

 

Эмгек ишмердүүлүгү:

1982-1983-жж

Аксы районундагы Ильич атындагы орто мектептин мугалими

1984-1992-жж

Сузак районундагы «Жийде» орто мектебинде химия мугалими, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары.

1992-1997-жж

Сузак райондук билим берүү бөлүмүндө кадрлар бөлүмүнүн башчысы.

1998-2010-жж

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

2010-2014-жж

Билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

2015-2016-жж

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, орун басардын милдетин аткаруучусу

Сыйлыктары:

1992-жыл

«Эл агартуунун отличниги» төш белгиси

1990-жыл

Республикалык жаш натуралисттердин «Ардак грамотасы»

2009-жыл

КРнын Билим берүү жана илим министрилигинин «Ардак грамотасы»

Υй-бүлөлүү, балдарды жана неберелерди тарбиялоодо.