Спорттук спартакиада
Чаткал райондук билим берүү кызматкерлеринин арасында спортун 3 түрү боюнча (Волейбол, стол теннис, шахмат) “Мугалимдердин спартакиадасы” жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү. Иш чарага тандалып келген 20 команда катышып,
волейбол боюнча (эркектер арасында)
1-орун “Айгыр-Жал” курама командасы;
2-орун “Коргон-Сай” курама командасы;
3-орун Ю.А.Гагарин ат. ЖОББМ командасы;
4-орун В.И.Ленин ат. жатак-мектебинин командасы
(аялдар арасында)
1-орун Ю.А.Гагарин ат. ЖОББМ командасы;
2-орун Исмаил уулу Матиш ат.ЖОББМ командасы;
3-орун Чакмак-Суу ЖОББМ командасы;
4-орун Терек-Сай ЖОББМ командасы
Стол теннис боюнча (эркектер арасында):
1-орун Алымов Азамат;
2-орун Нармырзаев Абубакир;
3-орун Орозов Арстан
(аялдар арасында)
1-орун Калбаева Асель;
2-орун Андашова Бактыгүл;
3-орун Таирова Эльнура
Шахмат боюнча: (эркектер арасында)
1-орун Раев Айталы;
2-орун Анарбаев Нарынбай;
3-орун Алимбеков Шаттык
(аялдар арасында)
1-орун Турсунбаева Дилбар;
2-орун Термечикова Ырысбү;
3-орун Сулайманова ээледи
Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын рухий адеп-ахлактык иөнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.
Мугалимдердин спорттук спартакиадасынын жеңүүчүлөрүнө Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошунунун райондук комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Айсулуу Маматова, кесиптик бирликтин мүчөсү