Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорттук мелдеш

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде да салтка айланып калган окутуучулардын курамдык бөлүктөр жана факультеттер аралык "Ден соолук" спартакиадасы болуп өттү. Спорттун беш түрүн камтыган мелдештер 10 күнгө созулуп, катуу атаандаштыкта өттү. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө ректораттын жана профсоюз комитетинин сыйлыктары тапшырылды. Эске сала кетүүчү нерсе ар жыл сайын Ысык-Көлдө өтүүчү республикалык ЖОЖдор аралык оюндарда университеттин окутуучулары волейбол, тогуз коргоол, шахмат оюндары боюнча алдыңкы орундарды багынтып келет. Демек спартакиадада КМУнун курамына кирүүчү спортсмендер да аныкталды десек болот. Иште ийгилик жаратыш үчүн ден соолук бекем болуу керек. Ден соолук чың болуш үчүн физкультура жана спорт менен алектенели.

Окуу жайдын кесиптик бирлик комитети спорттук мелдештердин өтүшүнө, аларды колдоого, материалдык жардам көрсөтүүгө быйыл да башкы көңүлдү бурмакчы.

 

Маалыматты даярдаган: И.Арабаев атындагы КМУ