Спорттук мелдеш жогорку деңгээлде
Ак-Суу районундагы А.Сыдыкбеков атындагы орто мектептин базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында Ысык-Көл областынын билим берүү тармагынын кызматкерлеринин жана мектеп окуучуларынын тогуз короол улуттук оюну боюнча спорттук мелдеши уюштурулуп жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Мелдешке областыбыздагы Жети-Ɵгүз, Түп, Тоң, Ысык-Көл жана Ак-Суу районунун өкүлдөрү катышты. Мелдештин ачылыш салтанатына Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманалиев, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Э.Садабаев, Хан-Теңири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бараканов жана тогуз коргоол оюну боюнча башкы калыс К.Кендирбаев катышышып,өз каалоо - тилектерин билдиришти.
Тогуз коргоол оюну кылымдардан бери кыргыз элинин улуттук оюну катары калыптанып, унутулбай ойнолуп келе жатканы, бүгүнкү күндө мугалимдерибиздин да, окуучуларыбыздын да бул оюнга кызыгуусу артып жатканы кубандырбай койбойт.
Оюн жогорку деңгээлде өткөрүлүп, жыйынтыгында командалык эсепте Ак-Суу районунун эркектер командасы жана Түп районунун кыздар командасы 1-орунду ээлешти жана диплом, кубок, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мелдештин бардык катышуучулары кызыктыруучу сыйлыктарга татыктуу болушту.
Областтык деңгээлде уюштурулган бул спорттук мелдешке демөөрчүлүк кылган райондук кесиптик бирлик комитетине жана Хан -Теңири айыл өкмөтүнө ыраазычылыктар билдирилди.
Маалыматты даярдаган: Мухтар Касеев, Ак-Суу районундагы А.Сыдыкбеков атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими