Спорт залдын ачылыш аземи
Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Тотонбай айылында жайгашкан №42 Эргеш Давлетов атындагы орто мектебинин окуучулары жана айыл элинин кубанычы чексиз. 2016-жылдын 26-ноябрь күнү мектептин жаңы бүткөрүлгөн спорт залынын ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким А.К.Осмонов, акимдин орун басарлары К.Ч.Камбаралиев, Н.А.Бекжигитова, райБББнун башчысынын орун басары А.Каримова, райКБКнын төрагасы К.Нышанов, өз-өзүн башкаруу департаментинин облустук өкүлү А.Капаров, айылдын тургундары, Эргеш Давлетовтун уул, кыздары, туугандары, демөөрчү Давлетов Болот Эргешевичтин кесиптеш, замандаштары, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Спорт залды райондун акими, облустун өкүлү, айыл аймагынын аксакалы ленталарын салтанатуу кыркып, залга киришти. Азем окуучулардын атайын даярдаган концерттик программасы менен башталды. Аземде райондун акими жаңы 7млн.сомго демөөрчү Б.Э.Давлетовтун жеке каражатына бүткөн спорт зал менен мектеп жамаатын, айыл жаштарын куттуктап, ыраазычылык катын жана атайын белегин демөөрчүгө тапшырды. Райондук билим берүү тармагынан райКБКнын төрагасы К.Нышанов, райБББнун башчысынын орун басары А.Каримова, мектептин директору Ы.Эргешев сүйлоп, ыраазычыктарын билдирип, белектерин демөөрчүгө беришти. Жаштардын атынан Шайдан айылдык Кеңешинин депутаты А.Зулпукаров спорт залдын ишке берилиши менен куттуктап, демөөрчү Б.Давлетовко ыраазылык билдирип, ат миндирди. Айыл тургундарынан, коомчулуктан өкүлдөр сүйлөп, демөөрчү Б.Давлетовтүн ишине ийгиликтер, бекем ден –соолук каалашты.
Материалды даярдаган Ноокен райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.