Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спартакиада болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык XIV областтык Спартакиадасы 2021-жылдын 21-22-май күндөрү ОшМУнун базасында болуп өттү. 21-май күнү ЖОЖдор арасында спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлдү, ал эми 22-май күнү райшаарлардын билим берүү кызматкерлеринин ортосунда спорттун 6 түрү боюнча болуп өттү. Сартакиаданын ачылышында кесиптик бирликтин Ош областтык комитетинин төрагасы С.Абдубапович өз сөзүндө Спартакиадага келген конокторго катышуучуларга ден соолук, элибизге, жерибизге тынчылык болуусун каалоо менен, ар бир спортчуга ийгилик коштоосун айтып өттү. Райондун билим берүү кызматкерлери менен окуу жайлардын кызматкерлерин ортосундагы ынтымактыкты, достукту байланыштарды чыңдоо менен бирге профориентация иштерин да камтуу максаталган.

Эки күндүк спорттук иш-чарага бардык ЖОЖдор жана райшаарлардан келген командалар катышып, байгелүү орундарды ээлеген жеке жана жалпы командалар арасында жыйынтык чыгарылды, кесиптик бирликтин Ош областтык каомитети тарабынан дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети