Сокулук райондук кесиптик бирлик комитетинин Пленуму болуп өттү
2024-жылдын 24- декабрында М. Жангазиев атындагы № 4 Сокулук жалпы билим берүү орто мектебинин базасында Сокулук райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Пленуму болуп өттү.
Анда пландалган суроо Үч тараптуу макулдашуунун жана жамаатык келишимдердин аткарылышы жөнүндө жана билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун жана дарылануусун уюштуруудагы райондук кесиптик бирлик комитетинин жүргүзгөн иштери жана аны жакшыртуунун чаралары жөнүндө маселелер каралды.
Пленумдун жүрүшүндө билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сокулук райондук комитетинин төрайымы А. Качкынбаеванын 2024-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчету угулду.
Андан соң Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын дисконттук картасы боюнча маалымат берилди.
2024-жылдын жыйынтыгы менен Билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, кызматтык милдеттерин аткаруудагы ийгиликтери жана билим берүү системасынын кызматкерлеринин социалдык-эмгек укуктарын жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоого активдүү катышкандыгы үчүн, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан кесиптик бирлик мүчөлөрү Ардак Грамота менен сыйланышты.
Жыйындын соңунда берилген маалыматтар кызыгуу менен угулуп суроо-жооптор талкууланды.
Пленумдун катышуучулары райондук кесиптик бирлик комитетинин ишин канааттандырарлык деп таап, жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынды.