Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сокулук райондук кесиптик бирлигинин VIII отчеттук-кайра шайлоо конференциясы

2025-жылдын 14-февралында Шопоков шаарындагы №1 мектеп гимназиясында Сокулук райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VIII отчеттук-кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.

Конференцияга КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин кызматкери Тажибаева Насипа Кадиралиевна жана 60 делегат катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө Сокулук райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы А.Б. Качкынбаева 2020-жылдан 2024-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн иштери тууралуу отчетун берди.  Жыйындын өкүлдөрү тарабынан аткарылган иштер канааттандырарлык деп табылып, бирдиктүү баа берилди.

Конференциянын соңунда, Сокулук райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымынын кызмат ордуна кайрадан А.Б. Качкынбаева бир добуштан шайланды. Делегаттар анын жетекчилигинде кесиптик бирликтин иши мындан ары да ийгиликтүү улантыларын билдиришип, шайланган төрайымга ишеним артышты.