Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөштөр жолугушту

2024-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков,  Баткен областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы З.Бөтөков,  Баткен областтык усулдук борборунун директору О.Эркебаев жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле  райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө үч тараптуу макулдашуулардын аткарылышы, 5-октябрь билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамын жер-жерлерде жана областта өткөрүү жаатындагы маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук,шаардык билим берүү бөлүмдөрү социалдык өнөктөш катары  кесиптик бирлик комитеттери менен мындан ары да тыгыз иш алып баруу максаты белгиленди.

 

 

Маалыматты даярдагаган: Баткен областтык КБКнын уюштуруу

иштери боюнча адиси Гапарали уулу Мансур