Социалдык өнөктөштүк
Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик уюмдарынын жетекчилери Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы менен жолугушушту.
Жолугушууда Ж.Татыкулов атындагы №31 орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы А.Сагынбаева Шайдан айыл өкмөтүнө жаңы шайланган башчысы К.Еркуловду куттуктап, кызматташуу үзүрлүү болушун каалады.
Ар бир баштапкы кесиптик уюму боюнча үч тараптуу келишимдин долбоору талкууланып, алымча кошумчасы менен бекитилип, тараптар кол коюшту.
Макулдашууда негизги маселелер билим берүү кызматкерлеринин эмгектик укугун коргоо жана коопсуздук талаптарын жакшыртуу, социалдык-экономикалык маселелерин чечүү, окуу-тарбия иштерин жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүү, окуу-материалдык базаны чыңдоо болуп саналат.
Айыл өкмөт башчы К.Еркулов баштапкы кесиптик уюмдардын жетекчилерине бекем ден соолук, иштеринде ийгиликтерди каалап, мугалимдердин социалдык-экономикалык маселелеринин чечүү багытында биргеликте иштешүүгө даяр экендигин билдирди.
Маалыматты даярдаган: Ж.Татыкулов атындагы №31 орто мектебинин КБКнын төрайымы А.Сагынбаева