Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети окуу жайдын Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча жетекчилиги менен биргеликте Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2022-жылдын 21-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы №110 “Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде, социалдык адилеттүүлүктүн бир айлык өнөктүгүн өткөрүшүүдө.

Анын негизинде шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлерине, концлагерлердин туткундарына, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү улгайган адамдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына атайын бөлүштүрүлгөн тизме боюнча материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлүүдө.

Бул график боюнча университеттин жамаатына он төрт жаран бөлүнүп, бардык баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилеринин уюштуруусу менен ар бирине орточо 2650 (эки миң алты жүз элүү) сомдон жалпы суммасы 37100 (отуз жети миң бир жуз) сомдук азык түлүк жана акчалай жардамдар өз даректерине жеткирилип берилүүдө.

 

 Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова