Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Шаардык спартакиада өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү жана шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 8-март “Эл аралык аялдар” күнүнө карата жалпы билим берүүчү орто мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында волейбол, баскетбол, теннис жана шахмат оюндары боюнча спартакиада өткөрүлдү. Спартакиадага ар бир мектеп жана бала бакчалардын командары активдүү катышышты.

Волейбол боюнча аялдар арасындагы мелдеште 1-орунду №6 Т.Уметалиев атындагы, 2-орунду №4 Токтогул атындагы, 3-орунду №9 А.Осмонов атындагы мектептердин команудалары ээлешти. Алар шаардык кесиптик бирлик комитетинин акчалай сыйлыктарына татыктуу болушту.

Эркектер арасындагы волейбол боюнча беттешүүдө 1-орунга Шамалды-Сай, 2-орунга Таш-Көмүр шаарынын командалары ээ болушту.

Командалык мелдеште 1-орун №10 А.Осмонов атындагы, 2-орун №6 Т.Уметалиев атындагы, 3-орун №12 А.С.Пушкин атындагы мектептерге ыйгарылды.

Спартакиаданы өткорүүгө активдүү көмөк көрсөткөн билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин баштапкы уюмдарына ыраазычылыктар  билдирилди.

 

Маалыматты  даярдаган:  Таш-Көмүр шаардык КБКнын төрайымы М.Үтүрбаева