Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар артынан семинар

    Талас райондук, шаардык билим берщщ тармактык комитетинин төрайымы Батырбаева Фатима Асанжановнанын демилгеси менен 2017 – жылдын 13 – май күнү Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кеӊсесинде мектептин окуу бөлүм башчылары жана билим райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн эсеп – кысап бухгалтерлери менен кезектеги семинары өттү.

    Бул семинарда окуу процесси маалында көп кездешүүчү айлык маянаны туура эсептөө, ооруп калган учурда эмгекке жараксыз баракчанын, төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки учурлардагы эмгекке жараксыз баракчалардын туура эсептелиниши, эмгек өргүүнүн түрлөрү, аны эсептөө ыкмасы жана узактыгы, сабакты алмаштыруудагы маяна кантип эсептелинери жана башкалар жөнүндө кеӊири окутуу болду. 

    Семинардын жүрщүшүндө мээге чабуул ыкмасы аркылуу катышуучулардын бат тапкычтыгына, эске сактоосуна түрткү берилип, иш учурунда ар бир бериле турган суроолордун жооптору так, толук берилиши керектиги айтылды.

   36 катышуучу 5 топко бөлүнүп, ар бир топко 3төн суроо берилди. Суроолор үч башка багытта болуп, группанын иштеп чыккан жыйынтыгы менен талкуу уюштурулуп, кетирилген каталар, ашыкча жана кошулбай калган эсептөөлөр алымча – кошумчасы менен түшүндүрүлүп, туура жооптору проектор аркылуу көрсөтүлүп берилди.

    Ал эми бул күндүн жыйынтыгы чыгарылып, катышуучулар өздөрүнө семинардан көп маалыматтарды алгандыгын айтышып, уюштуруучуга ыраазычылык билдиришти.

    Семинарда колдонулган материалдардын электрондук варианты ар бир катышуучуга берилди.

 

Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектебинин профсоюз уюмунун төрагасы Жуманалиев Татыбек Анарбекович