Семинар максатына жетти
Каракол шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан мектеп, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине “КРнын эмгек мыйзамдуулугун аткарууда билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин милдеттери жана кесиптик бирлик комитетинин ролу” деген темада семинар болуп өттү. Анда КР мыйзамдарын жана ченемдик-укуктук актыларды колдонуунун негизги маанисин түшүндүрүү менен билим берүү уюмдарында кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы болгон кесиптик бирлик уюмдарынын укуктары менен милдеттери жөнүндө кеңири сөз болду. Кесиптик бирлик уюмунун аткарган иштери, кызматкерлердин кызыкчылыгын коргоо жана коомдук көзөмөл жүргүзүүдөгү ролу жөнүндө маалымат берүү учурдун талабы.
Сөз кезеги менен семинардын катышуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорун берип тийиштүү жоопторун алышты. Семинар айрыкча жаш жетекчилердин кызыгуусун туудуруп, ушундай семинарларды тез-тез өткөрүлүп туруусун суранышты. Семинар максатына жетти.
Маалыматты даярдаган: Каракол шаардык КБКнын төрайымы Ж.Касмалиева