Семинар болуп өттү
2024-жылдын 15-мартында Түп райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети семинар-кеңешме өткөрдү.
Ага райондун баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары катышып, иш кагаздардын абалы, баштапкы профсоюз уюмунун 3 тараптуу келишимдеринде каралган маселеринин аткарылышы, профсоюз мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусун уюштуруу маселелерин жана «Нооруз-2024» майрамына карата маданий-массалык иштерди уюштуруу иштери каралды.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Түп райондук комитети