Самарканд – Ташкент сапары
2022-жылдын 3-5-ноябрь күндѳрү республикалык олимпиадага чыккан окуучуллардын мугалимдери, ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку кѳрсѳткүч жараткан окуучулардын мугалимдери, Азия чемпионун чыгарган мугалим Билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин демѳѳрчүлүгү жана областтык профсоюз комитетинин колдоосу менен Ѳзбекстандын Самарканд жана Ташкент шаарларына үч күндүк саякатка барып келишти.
Мыкты кѳрсѳткүч жараткан жеңүүчүлѳрдү профсоюз комитетинин тѳрагасы А.К.Абдыкадыров жетектеп барды. Жеке себептери боюнча жеңүүчүлѳр Н.Осмонова, Г.Мамасали кызы, А.Жээнбекова, А.Нуржанова, А.Орозалиевалар Самарканд – Ташкент сапарынан баш тартышты.
Саякат учурунда Самарканд шаарындагы Гур Эмирдин(14-15 кылым) мавзолейи, Реистан аянты аянты, Хизрдин (8-19-кылым) мечити, Биби Ханумдун (15-кылым) собор мечити, Ислам Каримовдун күнбѳзү, Улугбектин (15-кылым) обсерваториясы жана түнкү Самарканд сити эс алуу аянты ѳзгѳчѳ таасир калтырды. Ал эми Ташкент шаарындагы түнкү ташкент СИТИ аянты андагы бийлѳѳчү фонтан, Ташкент телемунарасы, Ташкент метросу, Ташкент БЕШКОЗОН аш борбору, Чорсу базары, Амир Темир аянтыандан бетер таасир берип, жеңүүчүлѳрдү кубанычка бѳлѳдү.
Маалыматты даярдаган: редактор Акылбек Куна уулу