Салтанаттуу жыйын болуп өттү
19-октябрда К.Жантөшов атындагы Ысык-Көл областтык драма театрында Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Ага Ысык-Көл областындагы социалдык коргоо кызматкерлери, райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери чакырылган. КР Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Кожоев куттуктоо менен өкүлчүлүктүн Ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды. Областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы К.Алымбаев салтанаттын катышуучуларын куттуктап, ишинен өзгөчөлөнгөн профсоюз кызматкерлерине “Профсоюздун мыкты кызматкери” төш белгисин жана Ардак грамоталарын берди. Соңунда майрамдык ыр десте тартууланды.
Маалыматты даярдаган: Каракол шаардык КБКнын төрайымы Ж.Касмалиева